Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу кафедрасынын окутуучусу Токторова Венера Кудайназаровна Түркия Республикасынын Элазыг шаарындагы Фырат университети тарабынан уюштурулган Professional Development Training Program аттуу эл аралык квалификацияны жогорулатуу программасына катышууда. Окутуу гибриддик форматта жүргүзүлүп, 144 академиялык саатты камтыйт.
Программанын оффлайн этабы 2026-жылдын 17-майынан 23-майына чейин Фырат университетинин базасында өткөрүлдү. Анын алкагында билим берүүнү санариптештирүү, окутуучулардын кесиптик өнүгүүсү, билим берүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана заманбап окутуу технологияларын окуу процессине киргизүү маселелерине арналган лекциялар, семинарлар жана тренингдер уюштурулду. Ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү.











