2026-жылдын 11–13-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү Стамбул шаарындагы Йылдыз техникалык университетинин базасында өткөрүлгөн VII Эл аралык колдонмо статистика конгрессине (7th International Applied Statistics Congress) катышты.
Эл аралык илимий форумда Ош мамлекеттик университетинин атынан Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу кафедрасынын башчысы, доцент Тариэл Талайбекович жана аталган кафедранын окутуучусу Токторова Венера Кудайназаровна катышты.
Конгресс «Жасалма интеллект доорунда маалыматтардын келечеги» темасына арналып, дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана адистерди бириктирди. Иш-чара гибриддик форматта өткөрүлүп, анын алкагында жасалма интеллект, биостатистика, маалыматтарды интеллектуалдык талдоо жана колдонмо статистиканын заманбап ыкмалары боюнча 400гө жакын илимий баяндама сунушталды. Конгресс заманбап илимий жетишкендиктерди жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоочу маанилүү эл аралык аянтча болуп кызмат кылды.











