Жанылыктар

Институтка 1971-жылы «Биология» адистигинин бүтүрүүчүлөрү келишти

2026-жылдын 30-июнунда Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтуна 1971-жылы «Биология» адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөр 55 жылдык бүтүрүүчүлөр жолугушуусунун алкагында келишти.

Кадырлуу конокторду институттун директору, профессор Низамиев Абдурашид Гумарович тосуп алып, институттун бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери, билим берүү жана илимий ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы жана өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң бүтүрүүчүлөр окуу корпусун кыдырып, анын жаңыланган шарттары менен таанышышты.

Экскурсия Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимовдун музейинен башталды. Академик Б.Мурзубраимов өз мезгилинде бул тайпанын куратору болуп, алардын студенттик тобу «легендарлуу группа» деген ат менен белгилүү болгондугу жылуу эскерилди.

Жолугушууга институтта көп жылдар эмгектенген, азыркы окутуучулардын бир катарын, анын ичинде институттун директору профессор Низамиев Абдурашид Гумаровичти окуткан биология илимдеринин кандидаты, профессор Гүлмира Өмүралиева да катышты.

Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн студенттик жылдарын эскерип, билим алган окуу жайында бүгүнкү күндө түзүлгөн заманбап шарттарга жогору баа беришти. Алар институттун мындан аркы өнүгүшүнө ийгиликтерди каалап, мындай жолугушуулар муундар ортосундагы байланышты чыңдап, билим берүү салттарын улантууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

24 08:28 02-07-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|