Жанылыктар

Теология факультетине талон тапшырган абитуриенттер менен жолугушуу жана аңгемелешүү өткөрүлдү

2026–2027-окуу жылы үчүн Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетин биринчи турда тандап, окууга талон тапшырган абитуриенттер менен жолугушуу жана аңгемелешүү өткөрүлдү. Иш-чарага Теология факультетинин деканы, Философиянын доктору (PhD), доцент Ниязали Турдалиевич Арипов,Түркия Диянет Вакфынын өкүлдөрү Умутали Үнал, Исмаил Баш, ошондой эле катчы Уламкадырова Сейдана катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө абитуриенттерге факультеттин билим берүү системасы, окуу процесси, эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү жана келечектеги кесиптик багыттары тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор сунушталды. Комиссия мүчөлөрү студенттерге ак жол каалап, билим алууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга, илим-билимге умтулуп, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекем сактоого чакырышты. Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин чоң үй-бүлөсүнө кошулган ар бир студентке чың ден соолук, окууда мыкты жетишкендиктерди, илим-билимге болгон кызыгуунун арта беришин жана алдыга койгон бардык максаттарына ийгиликтүү жетүүсүн чын жүрөктөн каалайбыз. Кош келиңиздер! Жолуңуздар ачык, келечегиңиздер кең, билим жолуңуздар берекелүү болсун!
118 06:43 18-07-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|