Жанылыктар

Анкара шаарындагы стратегиялык семинар

Туркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын, Түркия Диянет фондунун, Анкара университетинин Теология факультетинин жана Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин уюштуруусунда өткөрүлгөн «Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин 33 жылдык тажрыйбасына талдоо жана келечекке карай өнүгүү стратегиясы» аттуу стратегиялык семинар Анкара шаарындагы Түркия Диянет фондунун Башкы кеңсесинде болуп өттү. Борбор Азиядагы түрк республикалары эгемендүүлүккө жетишкенден кийин негизделген алгачкы расмий жогорку диний билим берүү мекемеси болгон Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин 33 жылдык академиялык тажрыйбасын талдап, анын келечектеги өнүгүү стратегиясын аныктоо максатында уюштурулган семинарга Дин иштери боюнча башкармалыгынын, Түркия Диянет фондунун, Анкара университетинин Теология факультетинин жана Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү окумуштуулар катышты. Иш-чара Анкара университетинин Теология факультетинин окутуучусу, доцент, доктор Хасан Южелдин Ыйык Куранды көркөм окуусу менен ачылды. Ачылыш аземинде Түркия Диянет фондунун Башкы директору Изани Туран, Дин иштери боюнча башкармалыгынын Эл аралык байланыштар боюнча башкы директору Энсари Йентүрк, Анкара университетинин Теология факультетинин деканынын орун басары, доцент Нуруллах Язар, Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканы Ниязали Арипов жана Анкара университетинин Теология факультетиндеги Ош даярдоо программасынын координатору, профессор, доктор Бүньямин Эрул куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Семинардын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин окутуучулары тарабынан факультеттин 33 жылдык тарыхы, билим берүү тажрыйбасы, окуу программалары, эл аралык кызматташтыгы жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле талкууга Теология факультетинде ар кайсы жылдары эмгектенген түрк окумуштуулары, Анкара университетинин профессорлору жана Түркия Диянет фондунун өкүлдөрү катышып, факультеттин өткөн жолу менен келечектеги өнүгүү перспективалары боюнча өз пикирлерин билдиришти. Баяндамачылар 1993-жылы Түркия Диянет фонду, Анкара университети жана Ош мамлекеттик университетинин ортосунда башталган кызматташтык Кыргыз Республикасында салттуу диний билимдин өнүгүшүнө, квалификациялуу адистерди даярдоого жана эки өлкөнүн ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошконун белгилешти. Семинарда билим берүү модели, профессордук-окутуучулук курамдын өнүгүшү, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык, илимий басылмалар жана жаңы долбоорлор кеңири талкууланды. Маалыматка ылайык, Түркия Диянет фондунун колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин 1664 студент Түркияда даярдоо курсунан өтүп, 807 студент Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ошондой эле факультеттин көптөгөн окутуучулары магистратура жана докторантура программаларын Түркияда аяктап, факультеттин илимий-кадрдык потенциалынын өсүшүнө олуттуу салым кошушкан. Стратегиялык семинардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды. #Билим_менен_дүйнө_өзгөрөт
2 04:50 26-07-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|