Haber

Семинар - кеңешме 25.07.26

2026-жылдын 25-июлунда Анкара шаарында «Ош мамлекеттик университетинин Теология факультети менен Түркия Диянет Вакфынын ортосундагы кызматташтыктын 33 жылдык тажрыйбасын талдоо жана келечекке багытталган өнүгүү стратегиясы» аттуу семинар-кеңешме өткөрүлдү. Семинарга Теология факультетинин деканы, доцент Н. Арипов, ошондой эле факультеттин окутуучулары доц. З. Ажимаматов, доц. А. Калбердиев жана доц. М. Кадыров катышып, төмөнкү темалар боюнча баяндамаларды жасашты. Баяндамалар суроо-жооп жана кеңири талкуу менен коштолду: Теология факультеттериндеги сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү: себептери жана аларды чечүү жолдору; Билим берүү модели, окуу пландары жана профессордук-окутуучулук курамды өнүктүрүү маселелери; Теология факультетиндеги квалификацияны жогорулатуу курстарынын жана социалдык иш-чаралардын мааниси; Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу маселелери.
62 06:22 02-08-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|