Жанылыктар

Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу

Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун өкүлдөрү ОшМУнун Теология факультетине таанышуу сапары менен келишти. Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгынын Диянет академиясына караштуу "Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун" окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетине иш сапары менен келишти. Зыяраттын алкагында өткөн жолугушууга Теология факультетинин жетекчилиги, Теология факультетин жана аталган борборду ийгиликтүү бүрүргөндөр жана тиешелүү адистер катышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле Теология факультетин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү Коньядагы жогорку диний адистештирүү борборунда окуусун улантууга кабыл алуу маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин ОшМУнун Теология факультетин бүтүргөн 20 бүтүрүүчү Конья шаарындагы аталган борбордо квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келишкен. Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунда студенттерге негизги ислам илимдери, ислам укугу (фикх), тафсир, хадис, акыйда жана тереңдетилген араб тили сыяктуу багыттар күчөтүлгөн программа менен окутулат. Бул программа бүтүрүүчүлөрдүн диний-теологиялык билимин тереңдетүүгө, илимий жана практикалык даярдыгын жогорулатууга багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар академиялык байланыштарды чыңдоо, студенттер жана жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Konya Selçuk Yüksek Dini İhtisas Merkezinin Temsilcileri, Oş Devlet Üniversitesi İlahiyat Fakültesine Tanışma Ziyaretinde Bulundu Türkiye Cumhuriyeti Diyanet İşleri Başkanlığına bağlı Diyanet Akademisi bünyesinde faaliyet gösteren Konya Selçuk Yüksek Dini İhtisas Merkezinin öğretim görevlileri, Oş Devlet Üniversitesi İlahiyat Fakültesine çalışma ziyareti gerçekleştirdi. Ziyaret kapsamında düzenlenen toplantıya İlahiyat Fakültesi yönetimi, hem İlahiyat Fakültesini hem de söz konusu merkezi başarıyla tamamlamış mezunlar ile ilgili uzmanlar katıldı. Görüşmede, iki kurum arasındaki iş birliğinin daha da geliştirilmesi ve İlahiyat Fakültesini başarıyla bitiren mezunların Konya’daki Yüksek Dini İhtisas Merkezinde eğitimlerine devam etmeleri için kabul süreçleri ele alındı.
17 08:40 04-08-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|