Жанылыктар

1-агымдагы ОшМУнун 100дөн ашуун кызматкери Ысык-Көлдө акысыз эс алып келишти

Ош мамлекеттик университетинин 102 кызматкери Ысык-Көлдөгү "Тынчтык" пансионатында төрт күндүк акысыз эс алууда болду. Алардын арасында окуу жайдын факультеттеринин, институттарынын, коллеждеринин жана административдик бөлүмдөрүн өкүлдөрү бар. Эс алуу программасын университеттин Кесиптик бирлиги уюштурду. Максаты – кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, жумуштагы чарчоону жоюу, жаңы окуу жылына күч топтоого шарт түзүү болду. Кесиптик бирлик ар жыл сайын кызматкерлер үчүн социалдык колдоо көрсөт. Анын ичинде санаторийлерге жана эс алуу жайларына жеңилдетилген же акысыз жолдомо берүү, ден соолук иш-чараларын өткөрүү салтка айланган.
69 04:50 07-08-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|