News

ОшМУдан экинчи агымдагы кызматкерлер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт

10-августь күнү Ош мамлекеттик университетинен эмгек өргүүсүнүн экинчи агымы менен дагы 100дөн ашуун кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Университеттин кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы «Красная гвоздика» эс алуу борборунда ден соолугун чыңдап, сапаттуу эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул иш-чара кызматкерлердин социалдык колдоосун камсыз кылуу жана алардын эмгекке болгон шыктануусун арттыруу максатында уюштурулууда. Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети кызматкерлердин ден соолугуна жана социалдык жыргалчылыгына өзгөчө көңүл буруп, алардын эс алуусун уюштурууга жыл сайын колдоо көрсөтүп келет.
71 05:08 07-08-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|