Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова ОшМУнун Айыл чарба колледжинде болду
08:13
29-08-2026
27
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Акимжанова Рысгул Абдыманаповна 2026-жылдын 28-августунда ОшМУнун Айыл чарба колледжинде иш сапары менен болуп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты жана эмгек жамааты менен жолугушту. Агрономия, ветеринария жана механизация адистиктери боюнча алынган жаңы техникалар, жабдуулардын студенттердин билим алуусунда пайдалануусу боюнча тиешелүү адистер түшүндүрмө беришти.
Министрдин орун басары Рысгул Абдыманаповна студенттердин, келечектеги айыл чарба адистерин даярдоодогу маселелерге министрлик тараптан колдоо боло тургандыгын белгиледи.Ошондой эле окуу жайдын тарыхый музейи менен таанышып чыкты