Жанылыктар

ОшМУ жана «Кулун-Ата» коругу: илимий байланыш аркылуу жаратылышты коргоо

2026-жылдын 19–21-июль күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун география жана биология багытындагы окумуштуулары «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш коругуна кезектеги илимий экспедиция жүргүзүштү.

Экспедициянын курамында институттун директору, география илимдеринин доктору, профессор Низамиев Абдурашид Гумарович, география илимдеринин кандидаты, доцент Самиев К.Т., биология илимдеринин кандидаты, доценттер Абдыкааров А.М., Каримов Б.А., Стамалиев К.Ы. жана Ош технологиялык университетинин профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Шамшиев Б. болушту.

Илимий экспедициянын жүрүшүндө «Кулун-Ата» мамлекеттик коругунун аймагында өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына мониторинг жүргүзүү, климаттын өзгөрүүсүнүн коруктун ландшафттарына тийгизген таасирин изилдөө, ошондой эле аймакта туризмди уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин баалоо багытында изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Экспедицияга корук тарабынан директордун орун басары, илимий бөлүмдүн башчысы Бекмурзаев Т.Т., ага илимий кызматкер Абдисатаров К., жаратылышты коргоо бөлүмүнүн башчысы Калмуратов А.К., ага егер Төлөнбаев Ж.Т., егерлер Кадиев К.Т., Касымов А.Б., Жамбыл уулу К., Абдыкадыр уулу Ч. катышып, илимий топко ар тараптуу көмөк көрсөтүштү.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, коруктун аймагында туризмди өнүктүрүү жаратылышты сактоо талаптарын, экологиялык коопсуздукту жана аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен комплекстүү илимий негизде жүргүзүлүшү зарыл. Табигый экосистемаларды коргоо менен бирге туристтик мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Экспедициянын жүрүшүндө табигый кырсыктардын таасири да байкалды. 21-июлда Көңдүк айылына кайтып келе жаткан учурда, өткөн түнү Терген-Таш капчыгайы тарапта катуу сел жүрүп, дарыянын нугу бөгөлгөндүгү жана коруктун Мазар участогунда көл пайда болгондугу аныкталды. Бул окуя климаттык өзгөрүүлөрдүн жана табигый процесстердин аймактын экосистемасына тийгизген таасирин мындан ары изилдөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.

Экспедициянын жыйынтыктары боюнча илимий отчет-презентация даярдалып, анын негизинде илимий макалалар жарыяланат.

Ош мамлекеттик университети менен «Кулун-Ата» мамлекеттик коругунун ортосундагы мындай илимий кызматташтык жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

25 07:47 03-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|