Haber

Эл аралык илимий конференция

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун доценттери Аркабаев Нуркасым Кылычбекович менен Садыкова Гульхан Курбанбековна 2026-жылдын 4-5-сентябрында Ташкент шаарында өткөн «Эсептөө моделдери жана технологиялары (CMT2026)» төртүнчү эл аралык илимий конференциясына өздөрүнүн илимий жыйынтыктары менен катышып, Өзбекстан Улуттук университетинде жана В.И.Романовский атындагы Математика институтунда баяндама жасашты. Пленардык жыйындагы жана секциялык иштердеги баяндамалар Россия, Индия, Малайзия, Казахстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген окумуштуулар тарабынан англис тилинде жасалды.
Конференциянын максаты — математика, колдонмо математика, эсептөө моделдери жана интеллектуалдык технологиялар тармагындагы заманбап илимий жыйынтыктарды талкуулоо, тажрыйба алмашуу, окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаштарды илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кеңири тартуу болду.
Конференциянын тең уюштуруучулары катары МАРА Технологиялык университети (Малайзия), Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (Казакстан), Рурки Технологиялык институту (Индия) жана Tashkent International University (Өзбекстан) чыгышты.
8 08:39 07-09-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|