Жанылыктар

VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА ОШМУНУН ӨКҮЛҮ КАЛЫСТЫК МИЛДЕТТИ АТКАРДЫ

Кыргыз Республикасында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош мамлекеттик университетинин тогуз коргоол боюнча машыктыруучусу Рахманов Мирбек Аматбекович калыстар курамында жооптуу милдетти аткарды.

Дүйнөлүк масштабдагы ири спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү максатында 28–31-август күндөрү Бишкек шаарында уюштурулган калыстардын эл аралык окуу жыйынына жана семинарына катышып, тиешелүү даярдыктан өттү.

Ал эми 31-августтан тартып тогуз коргоол, мангала жана овари боюнча мелдештерде калыстык милдетин аткарып, спортчулардын мелдештерин калыс жана адилеттүү өткөрүүгө өз салымын кошту.

Рахманов Мирбек Аматбековичтин эл аралык деңгээлдеги мындай ири мелдеште калыстык милдетти аткаруусу — Ош мамлекеттик университетинин улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада даңазалоого кошкон салымынын дагы бир далили.

Ош мамлекеттик университети Рахманов Мирбек Аматбековичти жоопкерчиликтүү эмгеги менен куттуктап, бекем ден соолук, чыгармачылык дем жана мындан аркы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайт!

4 09:01 09-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|