Жанылыктар

ОШМУНУН КУРАМА КОМАНДАСЫ ПЛЯЖДЫК РЕГБИ БОЮНЧА III ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

2026-жылдын 7–8-сентябрь күндөрү КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда XXV Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өттү.

Аталган спорттук мелдеште пляждык регби боюнча Ош шаарынан Ош мамлекеттик университетинин курама эркектер командасы катышып, ийгиликтүү оюн көрсөтүп, III орунду камсыздады.

Команда мелдештин жүрүшүндө атаандаштарына каршы татыктуу оюн көрсөтүп, спорттук чеберчилигин жана командалык биримдигин далилдеди.

ОшМУнун курама командасын мелдешке башкы машыктыруучу Окен уулу Шумкарбек даярдап, команданын ийгилигине өзүнүн салымын кошту.

Ош мамлекеттик университетинин жамааты курама команданы жана башкы машыктыруучу Окен уулу Шумкарбекти жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Алдыдагы мелдештерде бекем ден соолук, жогорку спорттук жетишкендиктер жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!

3 09:16 09-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|