Жанылыктар

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ XXV ЭЛ АРАЛЫК ЫССЫК-КӨЛ ОЮНДАРЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

XXV Эл аралык Ысык-Көл оюндарында Ош шаарынын атынан катышкан Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Алмаз Атабаев жана Капаров Афтандил пляждык волейбол боюнча мелдеште ийгиликтүү оюн көрсөтүп, II орунду ээлешти.

Мелдештин жүрүшүндө ОшМУнун окутуучулары атаандаштары менен болгон беттештерде жогорку спорттук даярдыгын, чеберчилигин жана командалык биримдигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында алар байгелүү орунга ээ болуп, күмүш медалдын ээлери болушту.

Бул жетишкендик Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларынын спортко болгон кызыгуусун, активдүү жашоо образын жана университеттин спорттук багыттагы иш-чараларга активдүү катышып келе жатканын дагы бир ирет далилдейт.

Ош мамлекеттик университетинин жамааты Алмаз Атабаев менен Капаров Афтандилди жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайт! Аларга бекем ден соолук, чың дене тарбия, мындан аркы мелдештерде жаңы жеңиштерди жана бийик спорттук жетишкендиктерди каалайбыз!

Жеңишиңиздер кут болсун! Жаңы бийиктиктерди багындыра бериңиздер!

50 10:09 09-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|