1-курс студенттери үчүн адаптациялык жолугушуу өткөрүлдү
08:01
11-09-2026
11
11-сентябрда Кыргыз-Кытай факультетинде Филология жана Электрондук маалыматтык инженерия адистиктеринин 1-курс студенттери үчүн адаптациялык жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге факультеттин ишмердүүлүгү, билим берүү процесси жана студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле факультеттин жетишкендиктери тааныштырылып, жаңы окуу жылына карата студенттерге ийгилик каалоолору айтылды. Жолугушуунун соңунда студенттер кураторлор менен тааныштырылып, факультеттин окуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.