Haber

Кыргызстанда ЖОЖдордун жана КОББ уюмдарынын окутуучулары арасында спорттук мелдештердин экинчи этабы өттү

Кыргызстанда ЖОЖдордун жана КОББ уюмдарынын окутуучулары арасында спорттук мелдештердин экинчи этабы өттү

2026-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамы арасында спорттук мелдештердин экинчи этабы өттү.
Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы билим берүү мекемелеринин окутуучуларын жана кызматкерлерин бириктирген командалар катышты.
Катышуучулар спорттун беш түрү боюнча: волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча күч сынашты.
Спорттук иш-чара катышуучуларга дене тарбия даярдыгын, командалык биримдикти, спорттук чеберчиликти жана жогорку жыйынтыкка болгон умтулуусун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Мындан тышкары, мелдеш билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик жана достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулду.
—-///—-
В Кыргызстане прошёл второй этап спортивных соревнований среди преподавателей вузов и организаций СПО
12 сентября 2026 года прошёл второй этап спортивных соревнований среди профессорско-преподавательского состава высших учебных заведений и организаций среднего профессионального образования Кыргызской Республики.
В соревнованиях приняли участие команды, объединившие преподавателей и сотрудников образовательных учреждений из разных регионов страны.
Участники состязались по пяти видам спорта: волейболу, футболу, тогуз коргоолу, шахматам и настольному теннису.
Спортивное мероприятие предоставило участникам возможность продемонстрировать физическую подготовку, командную сплочённость, спортивное мастерство и стремление к высоким результатам. Кроме того, соревнования способствовали укреплению профессиональных и дружеских связей между представителями образовательных учреждений.
В мероприятии приняли участие представители Министерства науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики, руководители и представители высших учебных заведений, организаций среднего профессионального образования, а также профсоюзных организаций.

Соревнования организованы Центральным комитетом Профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики.

2 03:06 14-09-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|