ОшМУ менен Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун алкагында кызматташуунун жолугушуу программасы
09:52
15-09-2026
127
2026-жылы 09.09. – 10.09. күндөрү ОшМУнун медицина факультетинин Эл аралык медициналык билим берүү программалары (долбоордук программалар) кафедрасынынын уюштуурусунда ОшМУ менен Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун жетекчиси Шин Хенсук жана анын командасы ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, б.и.к., доцент Аттокуров К,Ш., медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М., Кыргыз республикасынын медициналык колледждердин Ассоциациясынын төрагасы, м.и.к., доцент Станбаев Ө. Т., ОшМУнун базасындагы ОшМУнун медицналык колледжиинин директору Кыдыршаева Ж.А., Өзгон медициналык колледждин директору Каримбаев Э. жана мугалимдер жамааты менен 2026-2027 окуу жылына карата жолугушуу болуп оттү.
Жолугушуунун негизги максаты Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” адистигинин билим берүү программасын кеңейтүү маселесин талкуулоо. Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташуунун келечеги.
ОшМУнун Медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М. жана кафедра башчы, улук окутуучу х.и.к. А.К. Матаипова Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун жетекчиси Шин Хенсук жана анын командасы менен жолугушуу өткөруп жатканы менен куттуктоо сөздөрүн айтышты жана бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” билим берүү программасынын ОшМУдагы азыркы мезгилдеги абалы жана кафедранын негизги багыттары, стратегиялык пландарына токтолушту.
Профессор Шин Хенсукка BK-LUPIC долбоорунун 5-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштыруу менен өзүнүн бир топ эмгектерин презентация аркылуу мугалимдик жамаатка бөлүштү.