Новости

Мотивациялык иш чара

ОшМУнун айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин окутуучулары тарабынан студенттерди жайкы эргүү учурундагы практикалык, мотивациялык иш чарасына тартуу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Коллеждин Втс 9-1-25 тайпасынын студенттери Батлуков Богдан, Калыбекова Ширин Бишкек шаарындагы “Чип и Дейл” ветеринардык клиникасы менен түзүлгөн келишимге ылайык жайкы каникул учурунда “Профилактикалык иш чараларды жүргүзүү жана биринчи ыкчам ветеринардык жардамды көрсөтүү” аттуу теманын астында, 2 айлык (июль – августь 2026ж) практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу үстүндө аталган ишкананын базасында өз тажрыйбаларын арттырып, сертификаттарга ээ болуп кайтышты. Студенттерибиздин маанайлары жогору, коллеждин клиникасында шаарыбызыдын жарандарына окутуучулардын көзөмөлү астында көндүмдөрүн арттыруу менен ветеринардык тейлөө кызматын көрсөтүүгө белсенип турушкан учурлары. Кесипке багыт берүү ПЦК сынын жетекчиси б.и.к. доцент, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер А.Халмурзаев
7 10:35 15-09-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|