Жанылыктар

15.09.2026. Кытайдагы илимий стажировканын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун окутуучулары жана биологдору менен жолугушуу

15.09.2026. Кытайдагы илимий стажировканын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун окутуучулары жана биологдору менен жолугушуу ОшМУнун улук окутуучусу Эльмира Мидинова 2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын июнь айына чейин Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясында (Chinese Academy of Agricultural Sciences, CAAS) өткөн илимий стажировкасынын алкагындагы иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө CAASта илимий изилдөөлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, Өсүмдүктөрдү коргоо институтунун жана Өсүмдүктөрдүн оорулары лабораториясынын ишмердүүлүгү, микроорганизмдерди жана фитопатогендик козу карындарды изилдөөнүн заманбап ыкмалары, биологиялык көзөмөл жана молекулярдык изилдөө методдору тууралуу маалыматтар берилди.
2 15:23 15-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|