News

Конфуций институтунда жаңы окуу жылына арналган “Билим күнү” өттү

Бүгүн, 15-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата “Билим күнү” белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Конфуций институтунун жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен башталып, институттун жетекчилери окутуучуларды жана студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты. ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлсара Турдубаева университеттин жетекчилигинин атынан сөз сүйлөп, жаңы окуу жылында студенттерди сапаттуу билим алууга, кесиптик багытын терең өздөштүрүүгө жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Конфуций институтунда билим берүү бир нече багытта жүргүзүлүп, студенттер кытай таануу, лингвистика жана филология (англис тили), программалык инженерия багыттары боюнча билим алышат. Окуу процессинде тилдик даярдык менен катар заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, кесиптик компетенцияларды калыптандырууга жана студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө басым жасалат. Салтанаттын жүрүшүндө студенттерге окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, институттагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы окуу жылына карата алдыда турган милдеттер тууралуу маалымат берилди. Жаңы окуу жылын баштаган студенттерге терең билим, изденүү жана ийгиликтүү студенттик жашоо каалоолору айтылып, иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталды.
3 15:48 15-09-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|