News

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

2026-жылдын 15-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталды. Колледждин директорунун орун басары Каримбаев Элназар Сагыналиевич эмгек жамаатын жана студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ардактуу окутуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Хамидова Абида Хамидовна студенттерге ак жол, бекем ден соолук жана окууда ийгиликтерди каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге академиялык кеңешчилер тааныштырылды. Биринчи курска кабыл алынган студенттер агымдарга бөлүштүрүлүп, өздөрүнүн академиялык кеңешчилери менен таанышты. Андан соң жаңы студенттер үчүн колледждеги окуу процессине тез арада көнүүгө багытталган адаптациялык иштер жүргүзүлдү. Жаңы окуу жылыңыздар кут болсун! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, терең билим жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!
51 17:36 15-09-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|