2026-жылдын 16–17-сентябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты Кенешов Бакытбек Маматакимович илимий иш сапар менен Фергана мамлекеттик университетинде (ФерМУ) болду.
Иш сапар Ош мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн химиялык курамын биргелешип изилдөө максатында уюштурулду.
Илимий кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын аймагында өскөн 10 түрдүү өсүмдүктөн бөлүнүп алынган эфир майларынын үлгүлөрү заманбап лабораториялык аппаратуралардын жардамы менен изилдөө жүргүзүү үчүн тиешелүү адистерге өткөрүлүп берилди.
Бул иштин негизги максаты — Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн химиялык курамын заманбап ыкмалардын негизинде изилдөө, алардын курамындагы биологиялык активдүү заттарды аныктоо жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мындан ары биргелешкен илимий иштерде пайдалануу.
Иш сапардын жыйынтыгында ОшМУ менен ФерМУнун ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өсүмдүктөрдүн химиялык курамын изилдөө багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга маанилүү кадам жасалды.











