ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин окутуучулары спартакиадада байгелүү орундарга ээ болушту
10:17
17-09-2026
13
2026-жылдын 10–12-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулган спартакиаданын экинчи этабы болуп өттү. Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары да активдүү катышып, спорттун бир катар түрлөрү боюнча жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Атап айтканда, Каримов Кыяз жана Ракматов Адилет кичи футбол боюнча, ал эми Досумбетова Ызатгүл волейбол боюнча мелдештерге катышып, өз командаларынын курамында 1-орунду ээлешти.
Мындан тышкары, кичи футбол боюнча мыкты оюн көрсөткөн Каримов Кыяз мелдештин жыйынтыгында «Мыкты коргоочу» номинациясына татыктуу болду.
Жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундарга ээ болгон катышуучуларды жетишкендиктери менен куттуктайбыз! Алардын спорттук ийгиликтери кесиптештерине үлгү болуп, сергек жашоо образын жайылтууга жана жамааттагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.