ОшМУнун Курулуш колледжинде жаңы жетекчи дайындалды
19:33
17-09-2026
40
Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде жетекчилик кызматка жаңы дайындоо болуп өттү.
Курулуш колледжинин директору Чомоев Нурлан Көчкөнбаевичтин жаңы кызматка дайындалышына байланыштуу, директорлук кызматка Тентимишов Майрамбек Тентимишович дайындалды.
Жаңы жетекчи Тентимишов Майрамбек Тентимишович колледждин эмгек жамаатына тааныштырылып, алдыдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары белгиленди.
Чомоев Нурлан Көчкөнбаевичке Курулуш колледжинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жамаатка көрсөткөн колдоосу жана окуу жайдын келечеги үчүн жасаган эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздин эмгегиңиз жана жетишкендиктериңиз окуу жайдын тарыхында өз орду менен калары талашсыз.
Тентимишов Майрамбек Тентимишовичти жаңы жооптуу кызматка дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жаңы кызматта бекем ден соолук, күч-кубат, кесиптик ийгиликтер, туура чечимдер жана албан жетишкендиктерди каалайбыз.
Эмгек жамааты менен биргеликте Курулуш колледжинин өнүгүүсүнө жаңы дем, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы бийиктиктерди каалайбыз!
Жаңы кызмат — жаңы жоопкерчилик, жаңы максаттар — жаңы жетишкендиктер!