Haber

ОшМУнун Курулуш колледжинде жаңы жетекчи дайындалды

Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде жетекчилик кызматка жаңы дайындоо болуп өттү. Курулуш колледжинин директору Чомоев Нурлан Көчкөнбаевичтин жаңы кызматка дайындалышына байланыштуу, директорлук кызматка Тентимишов Майрамбек Тентимишович дайындалды. Жаңы жетекчи Тентимишов Майрамбек Тентимишович колледждин эмгек жамаатына тааныштырылып, алдыдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары белгиленди. Чомоев Нурлан Көчкөнбаевичке Курулуш колледжинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жамаатка көрсөткөн колдоосу жана окуу жайдын келечеги үчүн жасаган эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздин эмгегиңиз жана жетишкендиктериңиз окуу жайдын тарыхында өз орду менен калары талашсыз. Тентимишов Майрамбек Тентимишовичти жаңы жооптуу кызматка дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңы кызматта бекем ден соолук, күч-кубат, кесиптик ийгиликтер, туура чечимдер жана албан жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгек жамааты менен биргеликте Курулуш колледжинин өнүгүүсүнө жаңы дем, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы бийиктиктерди каалайбыз! Жаңы кызмат — жаңы жоопкерчилик, жаңы максаттар — жаңы жетишкендиктер!
39 19:33 17-09-2026

                 

Haber

391 09:20 31-05-2026

Курулуш колледжинин мугалими Иманалиева Нургүл Самудиновна, Арх 1-25 (9-к) тайпасынын жетекчиси катары тарбиялык пландын негизинде «Китеп окуйбуз» деген аталышта тарбиялык иш-чара өткөрдү.

Курулуш колледжинин мугалими Ысакова Нагул эжеке тарабынан студенттерге информатика сабагынан "Курулушта маалыматтык технологияларды колдонуу" деген темасында асык саат өткөрдү.

382 09:11 31-05-2026

ОшМУнун курулуш колледжине китепканачы Тойчуева Зулайка Жаныбековна тарабынан 23-апрель "Автордук укук" күнүнө жана 27-май " КРнын китепканачылар" күнүнө карата "Китеп - куруучунун куралы" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

330 08:46 31-05-2026

Ош шаарынын мэриясы жана Demrun спорт клубу тарабынан уюштурулган "Ак-Буура Run 2026" аттуу чуркоо марафону болуп өттү.

280 08:26 31-05-2026

Курулуш колледжинин адистик мугалимдери Жусупова Асылкан, Букаев Мадаминжан, Уркунчиев Умар, Иманалиева Нургул Ош Технологиялык университетинин студенттерине курулуш адистиги боюнча атайын конок лекциялык өтүштү.

287 08:20 31-05-2026
|< 1 2 3 4 5 >|