News

ОШМУНУН КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИНДЕ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде директор Тентимишов Майрамбек Тентимишовичтин жетекчилиги астында жалпы коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйында Курулуш колледжинин 2026–2027-окуу жылына карата даярдыгы, окуу процессин уюштуруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана алдыдагы окуу жылында аткарыла турган иштер кеңири талкууланды. Ошондой эле окуу-методикалык иштерди жакшыртуу, окутуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана окуу жайдын ички тартибин өркүндөтүү боюнча бир катар маселелер каралды. Жыйындын жүрүшүндө ар бир багыт боюнча жооптуу кызматкерлердин маалыматтары угулуп, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Колледждин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдануусу, окуу процессинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жүргүзүлүшү негизги багыттардын бири экендиги белгиленди. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алдыда аткарыла турган иштер боюнча жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле белгиленген милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди. Колледждин жетекчилиги жана эмгек жамааты жаңы окуу жылында алдыга коюлган максаттарды биргеликте ишке ашырып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу жайдын өнүгүүсүнө багытталган иштерди улантат. Жаңы окуу жылы — жаңы максаттар, жаңы милдеттер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр!
37 19:52 17-09-2026

                 

News

391 09:20 31-05-2026

Курулуш колледжинин мугалими Иманалиева Нургүл Самудиновна, Арх 1-25 (9-к) тайпасынын жетекчиси катары тарбиялык пландын негизинде «Китеп окуйбуз» деген аталышта тарбиялык иш-чара өткөрдү.

Курулуш колледжинин мугалими Ысакова Нагул эжеке тарабынан студенттерге информатика сабагынан "Курулушта маалыматтык технологияларды колдонуу" деген темасында асык саат өткөрдү.

382 09:11 31-05-2026

ОшМУнун курулуш колледжине китепканачы Тойчуева Зулайка Жаныбековна тарабынан 23-апрель "Автордук укук" күнүнө жана 27-май " КРнын китепканачылар" күнүнө карата "Китеп - куруучунун куралы" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

330 08:46 31-05-2026

Ош шаарынын мэриясы жана Demrun спорт клубу тарабынан уюштурулган "Ак-Буура Run 2026" аттуу чуркоо марафону болуп өттү.

280 08:26 31-05-2026

Курулуш колледжинин адистик мугалимдери Жусупова Асылкан, Букаев Мадаминжан, Уркунчиев Умар, Иманалиева Нургул Ош Технологиялык университетинин студенттерине курулуш адистиги боюнча атайын конок лекциялык өтүштү.

287 08:20 31-05-2026
|< 1 2 3 4 5 >|