ОШМУНУН КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИНДЕ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ
19:52
17-09-2026
38
Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде директор Тентимишов Майрамбек Тентимишовичтин жетекчилиги астында жалпы коллегиялык жыйын болуп өттү.
Жыйында Курулуш колледжинин 2026–2027-окуу жылына карата даярдыгы, окуу процессин уюштуруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана алдыдагы окуу жылында аткарыла турган иштер кеңири талкууланды.
Ошондой эле окуу-методикалык иштерди жакшыртуу, окутуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана окуу жайдын ички тартибин өркүндөтүү боюнча бир катар маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир багыт боюнча жооптуу кызматкерлердин маалыматтары угулуп, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.
Колледждин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдануусу, окуу процессинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жүргүзүлүшү негизги багыттардын бири экендиги белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алдыда аткарыла турган иштер боюнча жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле белгиленген милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди.
Колледждин жетекчилиги жана эмгек жамааты жаңы окуу жылында алдыга коюлган максаттарды биргеликте ишке ашырып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу жайдын өнүгүүсүнө багытталган иштерди улантат.
Жаңы окуу жылы — жаңы максаттар, жаңы милдеттер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр!