КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИНДЕ БИРИНЧИ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН АДАПТАЦИЯЛЫК ЖУМАЛЫК ӨТКӨРҮЛДҮ
20:08
17-09-2026
22
Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде жаңы окуу жылын ийгиликтүү баштоо жана биринчи курска кабыл алынган студенттердин жаңы билим берүү чөйрөсүнө тез арада көнүп кетүүсүнө көмөктөшүү максатында адаптациялык жумалык уюштурулду.
Адаптациялык жумалыктын жүрүшүндө жаңы кабыл алынган студенттер колледждин түзүмү, окуу жайда түзүлгөн шарттар, окуу процесси, ички тартип эрежелери жана студенттер үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр менен кеңири таанышты.
Ошондой эле студенттерге кесип тандоонун мааниси, өз кесибин терең өздөштүрүү, сабакка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди.
Атайын уюштурулган жолугушууларда окутуучулар жана тайпа жетекчилери тарабынан кесиптик багыттагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Жумалыктын алкагында студенттер окуу аудиториялары, лабораториялар, китепкана жана колледждин башка бөлүмдөрү менен таанышып, окуу жайдын ички түзүмү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары, студенттер арасында өз ара баарлашууну, достук мамилени жана ынтымактуу студенттик чөйрөнү калыптандырууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.
Адаптациялык жумалык — бул жаңы студенттер үчүн колледждин босогосун аттап, жаңы чөйрөгө аралашып, кесиптик билим алуунун алгачкы кадамын ишенимдүү баштоого чоң мүмкүнчүлүк.
Биринчи курс студенттерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайбыз!
Ар бириңиздерге окууда ийгилик, жаңы достор, кызыктуу күндөр жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
Курулуш колледжине кош келиңиздер!