Haber

КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИНДЕ БИРИНЧИ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН АДАПТАЦИЯЛЫК ЖУМАЛЫК ӨТКӨРҮЛДҮ

Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинде жаңы окуу жылын ийгиликтүү баштоо жана биринчи курска кабыл алынган студенттердин жаңы билим берүү чөйрөсүнө тез арада көнүп кетүүсүнө көмөктөшүү максатында адаптациялык жумалык уюштурулду. Адаптациялык жумалыктын жүрүшүндө жаңы кабыл алынган студенттер колледждин түзүмү, окуу жайда түзүлгөн шарттар, окуу процесси, ички тартип эрежелери жана студенттер үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр менен кеңири таанышты. Ошондой эле студенттерге кесип тандоонун мааниси, өз кесибин терең өздөштүрүү, сабакка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди. Атайын уюштурулган жолугушууларда окутуучулар жана тайпа жетекчилери тарабынан кесиптик багыттагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жумалыктын алкагында студенттер окуу аудиториялары, лабораториялар, китепкана жана колледждин башка бөлүмдөрү менен таанышып, окуу жайдын ички түзүмү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары, студенттер арасында өз ара баарлашууну, достук мамилени жана ынтымактуу студенттик чөйрөнү калыптандырууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү. Адаптациялык жумалык — бул жаңы студенттер үчүн колледждин босогосун аттап, жаңы чөйрөгө аралашып, кесиптик билим алуунун алгачкы кадамын ишенимдүү баштоого чоң мүмкүнчүлүк. Биринчи курс студенттерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайбыз! Ар бириңиздерге окууда ийгилик, жаңы достор, кызыктуу күндөр жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз! Курулуш колледжине кош келиңиздер!
25 20:08 17-09-2026

                 

Haber

391 09:20 31-05-2026

Курулуш колледжинин мугалими Иманалиева Нургүл Самудиновна, Арх 1-25 (9-к) тайпасынын жетекчиси катары тарбиялык пландын негизинде «Китеп окуйбуз» деген аталышта тарбиялык иш-чара өткөрдү.

Курулуш колледжинин мугалими Ысакова Нагул эжеке тарабынан студенттерге информатика сабагынан "Курулушта маалыматтык технологияларды колдонуу" деген темасында асык саат өткөрдү.

381 09:11 31-05-2026

ОшМУнун курулуш колледжине китепканачы Тойчуева Зулайка Жаныбековна тарабынан 23-апрель "Автордук укук" күнүнө жана 27-май " КРнын китепканачылар" күнүнө карата "Китеп - куруучунун куралы" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

329 08:46 31-05-2026

Ош шаарынын мэриясы жана Demrun спорт клубу тарабынан уюштурулган "Ак-Буура Run 2026" аттуу чуркоо марафону болуп өттү.

280 08:26 31-05-2026

Курулуш колледжинин адистик мугалимдери Жусупова Асылкан, Букаев Мадаминжан, Уркунчиев Умар, Иманалиева Нургул Ош Технологиялык университетинин студенттерине курулуш адистиги боюнча атайын конок лекциялык өтүштү.

287 08:20 31-05-2026
|< 1 2 3 4 5 >|