ОшМУнун Курулуш колледжинде жаңы окуу жылы башталды!
07:25
18-09-2026
16
ОшМУнун Курулуш колледжинде 2026–2027-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Курулуш колледжинин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович, колледждин окутуучулары, студенттери жана ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турдубаева Гүлсара Турдубаевна катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоолор айтылып, билим алуунун маанилүүлүгү, кесиптик чеберчиликти арттыруу жана келечекте татыктуу адис болууга умтулуу тууралуу жакшы каалоо-тилектер билдирилди.
ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобековдун куттуктоосун студенттерге жана окутуучулар жамаатына жеткирип, салтанатка катышкандыгы үчүн ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турдубаева Гүлсара Турдубаевнага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана чоң жетишкендиктердин башаты болсун!
Урматтуу студенттер, сиздерге ийгиликтүү окуу жылын, бекем ден соолукту, терең билимди, чыгармачылык изденүүнү жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
Ар бир күнүңүздөр жаңы билимге, пайдалуу тажрыйбага жана жакшы ийгиликтерге бай болсун. Кесипти сүйүп, талыкпай изденип, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңызды кошкон мыкты адистерден болуңуздар!
Жаңы окуу жылыңыздар менен, урматтуу студенттер жана окутуучулар жамааты!
Билимге умтулуу — ийгиликтин башаты!