Жанылыктар

ОшМУнун Курулуш колледжинде жаңы окуу жылы башталды!

ОшМУнун Курулуш колледжинде 2026–2027-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Курулуш колледжинин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович, колледждин окутуучулары, студенттери жана ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турдубаева Гүлсара Турдубаевна катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоолор айтылып, билим алуунун маанилүүлүгү, кесиптик чеберчиликти арттыруу жана келечекте татыктуу адис болууга умтулуу тууралуу жакшы каалоо-тилектер билдирилди. ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобековдун куттуктоосун студенттерге жана окутуучулар жамаатына жеткирип, салтанатка катышкандыгы үчүн ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турдубаева Гүлсара Турдубаевнага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана чоң жетишкендиктердин башаты болсун! Урматтуу студенттер, сиздерге ийгиликтүү окуу жылын, бекем ден соолукту, терең билимди, чыгармачылык изденүүнү жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр жаңы билимге, пайдалуу тажрыйбага жана жакшы ийгиликтерге бай болсун. Кесипти сүйүп, талыкпай изденип, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңызды кошкон мыкты адистерден болуңуздар! Жаңы окуу жылыңыздар менен, урматтуу студенттер жана окутуучулар жамааты! Билимге умтулуу — ийгиликтин башаты!
20 07:25 18-09-2026

                 

Жанылыктар

391 09:20 31-05-2026

Курулуш колледжинин мугалими Иманалиева Нургүл Самудиновна, Арх 1-25 (9-к) тайпасынын жетекчиси катары тарбиялык пландын негизинде «Китеп окуйбуз» деген аталышта тарбиялык иш-чара өткөрдү.

Курулуш колледжинин мугалими Ысакова Нагул эжеке тарабынан студенттерге информатика сабагынан "Курулушта маалыматтык технологияларды колдонуу" деген темасында асык саат өткөрдү.

381 09:11 31-05-2026

ОшМУнун курулуш колледжине китепканачы Тойчуева Зулайка Жаныбековна тарабынан 23-апрель "Автордук укук" күнүнө жана 27-май " КРнын китепканачылар" күнүнө карата "Китеп - куруучунун куралы" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

329 08:46 31-05-2026

Ош шаарынын мэриясы жана Demrun спорт клубу тарабынан уюштурулган "Ак-Буура Run 2026" аттуу чуркоо марафону болуп өттү.

280 08:26 31-05-2026

Курулуш колледжинин адистик мугалимдери Жусупова Асылкан, Букаев Мадаминжан, Уркунчиев Умар, Иманалиева Нургул Ош Технологиялык университетинин студенттерине курулуш адистиги боюнча атайын конок лекциялык өтүштү.

287 08:20 31-05-2026
|< 1 2 3 4 5 >|