Новости

Кафедранын аспиранттарынын отчетторун угуу

2026-жылдын 19-сентябрь күнү кыргыз тили илими кафедрасында кафедранын аспиранттарынын илимий-изилдөө иштери боюнча отчетторун угуу жыйыны өткөрүлдү. Жыйында аспиранттар диссертациялык изилдөөлөрүнүн жүрүшү, аткарылган иштер, илимий макалаларынын жарыяланышы, конференцияларга катышуусу жана алдыга коюлган милдеттери тууралуу маалымат беришти. Ар бир аспирант өзүнүн изилдөө темасынын алкагында жүргүзүп жаткан илимий иштеринин жыйынтыктары менен тааныштырып, кийинки этапта аткарыла турган иштер боюнча пландары менен бөлүштү. Отчеттор талкууланып, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.
27 03:49 19-09-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|