Новости

ОшМУнун педагогика жана искусство институтунда ишембилик өттү

Бүгүн, 19-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана искусство институтунда айлана-чөйрөнү тазалоо жана иретке келтирүү боюнча кезектеги ишембилик болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 15-сентябрындагы №20-11305 тапшырмасын аткаруу максатында уюштурулду. "Улуттук тазалык" акциясынын алкагында ишембиликке институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери активдүү катышты. Окуу жайдын тегерек-четин тазалоо жана тартипке келтирүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.
67 10:43 19-09-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|