Новости

Курулуш колледжинде ишембилик өткөрүлдү!

ОшМУнун Курулуш колледжинде студенттердин жана окутуучулардын активдүү катышуусунда жалпы ишембилик уюштурулду. Ишембиликке колледждин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович баштаган окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, колледждин аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин айланасы тазаланып, таштандылар чогултулуп, аймакты иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындай иш-чаралар студенттерди эмгекчилдикке, жоопкерчиликке, жаратылышты жана айлана-чөйрөнү таза сактоого тарбиялоодо маанилүү роль ойнойт. Таза жана көрктүү аймак — жагымдуу окуу чөйрөсүнүн негизги бөлүгү. Тазалык — жалпыбыздын милдетибиз! Биргеликте таза, көрктүү жана жайлуу колледж үчүн!
99 20:18 19-09-2026

                 

Новости

|< >|