Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты
16:16
22-09-2026
37
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында 2026-жылдын 19-сентябрында өлкө боюнча жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик университетине караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери активдүү катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө колледждин айланасы, окуу корпустарынын аймагы жана ага жанаша жайгашкан жерлер тазаланып, бак-дарактарды иретке келтирүү, таштандыларды тазалоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар жаштарды тазалыкты сактоого, эмгекке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого тарбиялоодо маанилүү роль ойнойт.
Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жамааты мындан ары да коомдук пайдалуу жана экологиялык иш-чараларга активдүү катышып, колледждин аймагын таза жана көрктүү кармоого өз салымын кошо берет.