22-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинде Конфуций институтунун күнү белгиленди. Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Лю Минчэ, Конфуций институтунун жетекчилери жана окутуучулары, ошондой эле факультеттин студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Конфуций институтунун кытай тилин жана маданиятын жайылтуудагы орду, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кыргыз-кытай достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.
Конфуций институттарынын эл аралык тармагы 2004-жылы негизделип, дүйнө жүзүндө кытай тилин жана маданиятын үйрөтүүгө жана таанытууга, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, ар түрдүү элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүп келет.
Ош мамлекеттик университетиндеги Конфуций институту 2013-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз-кытай факультетинде лингвистика, котормо жана котормо таануу, кытай таануу жана филология багыттары боюнча 700гө жакын студент билим алууда. Студенттер кытай тилин өздөштүрүү менен катар Кытайдын тарыхы, маданияты жана коомдук өнүгүүсү тууралуу кеңири билим алууга мүмкүнчүлүк алышууда.
Мындан тышкары, Конфуций институтунда кытай тили боюнча окуу курстары, маданий-агартуу иш-чаралары, тил сынактары жана эл аралык билим берүү долбоорлору үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Бул иш-чаралар студенттердин тилдик жана маданий компетенцияларын өнүктүрүүгө, эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кыргыз-кытай билим берүү жана маданий байланыштарын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзүүдө.