Haber

Академиялык мобилдүүлүк — дүйнө таанымды кеңейтип, келечекке ишенимдүү кадам таштоого мүмкүнчүлүк берген чоң мектеп.

Эл аралык тажрыйба — жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат! Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Ишкана экономикасы жана башкаруу» кафедрасынын студенттери 2025–2026-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде бир семестр бою билим алышты. Бул программа студенттер үчүн жөн гана башка өлкөдө окуу эмес, жаңы билим, жаңы чөйрө, жаңы достор жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга жол ачкан уникалдуу тажрыйба болду. Бир семестр ичинде студенттер эл аралык билим берүү чөйрөсүнө аралашып, кесиптик билимдерин тереңдетүү менен бирге өз алдынчалыгын, коммуникациялык жөндөмдөрүн жана жаңы шарттарга ыңгайлашуу жөндөмүн өнүктүрүштү. ОшМУдан — Астанага! Билимден — тажрыйбага! Тажрыйбадан — жаңы мүмкүнчүлүктөргө! Академиялык мобилдүүлүк — дүйнө таанымды кеңейтип, келечекке ишенимдүү кадам таштоого мүмкүнчүлүк берген чоң мектеп.
35 08:58 23-09-2026

                 

Haber

|< >|