"Эне тилим-элимдин тили" аттуу мамлекеттик тил күнүнө арналган кече өттү.
09:19
23-09-2026
33
Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде "Эне тилим-элимдин тили" аттуу мамлекеттик тил күнүнө арналган кече өттү. Кечени окуу жайдын директорунун тарбиялык иштер жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна ачып мамлекеттик тил -мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланышты, пикир алмашуунун куралы экендигине токтолду,
Кыргыз тил жана адабият мугалими Пашакан Жунусалиева кыргыз тилинин тарыхы бооюнча маалымат берди.
Жаштар комитетинин активдүү студенттери : Орозматов Илгиз, Момунбеков Усман, Ниязалиев Аргендер, көркөм окуу, Манас айтуу чеберчилигин көрсөтүштү. Иш чарада Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар жөнүндө суроо- жооп уюштурулду жана китепкана жетекчичиси Каримова Зымратхан Хасанбаевна китеп көргөзмөсүн уюштурду.