ФИНАНСЫ ЖАНА БАНК ИШИ БӨЛҮМҮНҮН ОКУТУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК ЖАЙКЫ ФОРУМГА КАТЫШТЫ
07:49
24-09-2026
61
Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучусу Муратова Чолпонай Каримовна 2026-жылдын 6–15-июль күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы Ибн Халдун университетинде өткөн Түрк дүйнөсүнүн III Жайкы форумуна катышты. Форумдун алкагында «Технологиялар, санариптик башкаруу жана билим экономикасы» секциясында илимий баяндама жасап, түрк мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер боюнча өз сунуштарын ортого салды.
Он күнгө созулган бул программа лекциялардан, панелдик талкуулардан жана дебаттардан туруп, катышуучуларга академиялык билим алуу менен катар Стамбулдун тарыхый жайлары менен таанышууга жана эл аралык байланыштарды чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк түздү.