«Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүүнүн принциптери» аттуу доктордук диссертацияны талкуулоо
09:33
25-09-2026
82
Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.д., проф. Амиралиев С.М. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б.М. Юнусалиев атындагы тил илими институтунун ортосунда 10.02.01 - кыргыз тили жана 10.02.06 - түрк тилдери боюнча түзүлгөн диссертациялык кеңештин жыйынында Касиева Аида Аскарбековнанын «Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүүнүн принциптери» аттуу доктордук диссертациясынын талкуусуна катышты. Бекитилген эксперттердин бири катары өзүнүн позитивдүү пикирин окуп берди.