23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү
16:34
26-09-2026
73
ОшМУнун Курулуш колледжинде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилин даңазалоого, эне тилибизге болгон урмат-сыйды арттырууга жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага колледждин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастурахан Сайпидиновна, ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин директору Эргешов Адыл Кочкенбаевич ардактуу конок катары катышып, өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, анын улуттук маданияттагы орду жана коомдогу мааниси тууралуу сөздөр айтылып, эне тилди аздектөөгө, аны туура жана таза сүйлөөгө чакырыктар жасалды.
Студенттер тарабынан кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган көркөм номерлер, ыр-бийлер, мекенчилдикке үндөгөн чыгармалар жана сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Ошондой эле кыргыз тилине арналган ырлар көркөм окулуп, улуттук аспаптардын коштоосунда музыкалык чыгармалар аткарылды.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын эне тилге болгон сүйүүсүн күчөтүү, кыргыз тилин урматтоого жана аны күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөө менен бирге, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдик сезимди калыптандыруу.
Эне тил — улуттун уңгусу, элдин тарыхын, маданиятын жана руханий байлыгын сактап турган улуу мурас. Аны ардактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга жеткирүү — ар бирибиздин милдетибиз.
Мамлекеттик тил күнү менен жалпы кыргыз элин куттуктайбыз! Эне тилибиздин кадыры артып, кыргыз тилинин келечеги кең болсун!