Жанылыктар

Окутуучулардын санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу

ТИМ кафедрасынын доценти Базиева А. санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган, 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү. Курстун темасы: «English in the Digital Age: Language Data, Artificial Intelligence and the Future of Translation» («Санариптик доордогу англис тили: тилдик маалыматтар, жасалма интеллект жана котормонун келечеги»). Курстун алкагында тилдик маалыматтарды иштетүүгө, жасалма интеллектти колдонууга, автоматташтырылган котормого, ошондой эле билим берүүдө жана кесиптик ишмердүүлүктө санариптик инструменттерди колдонууга байланышкан заманбап технологиялар каралды. Өзгөчө көңүл жасалма интеллекттин тексттик маалыматтар менен иштөөдөгү заманбап мүмкүнчүлүктөрүнө, тилдик маалыматтарды талдоого жана билим берүүнүн тез арада санариптешүү шартында окутуучуга зарыл болгон санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүгө бурулду. Окутуучулардын санариптик технологиялар жаатында квалификациясын жогорулатуу инновациялык билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
32 12:02 27-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|