Жанылыктар

2026-жылдын 15-сентябрынан баштап "Инцизия" илимий практикалык кружок иштей баштады.

ОшМУнун айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинде 2026-жылдын 15-сентябрынан баштап "Инцизия" илимий практикалык кружок иштей баштады. Кружокту коллеждин окутуучусу, хирургия адиси Рыскулбеков Эрболот жетектейт. Кружоктун максаты: студенттерге жаныбарларды диагностикалоонун өзгөчөлүктөрүн, хирургиялык операцияларга даярдык көрүү, хирургиялык техниканы калыптандыруу. 2026-жылдын 21-сентябрь күнү коллеждин ветеринардык клиникасында кружоктун биринчи сабагы болду, окутуучу ассистенттери Балтуков Богдан, Калыкова Ширин болуп Втс 9-1-24 тайпасынын 17 студенти менен операциялык талааны тазалоо, зыянсыздандыруу жолдорунун, жаныбарларга ооруксуздандыруу каржаттарын берүү техникаларынын практикалык техникаларын үйрөнүштү. ОшМУнун айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин окутуучусу Рыскулбеков Э.
75 09:29 28-09-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|