2026-жылдын 23-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилгендигинин 37 жылдыгына карата «Тил казынасы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы уюштурган иш-чара эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүүгө, анын байлыгын даңазалоого жана жаштардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Факультеттин деканынын милдетин аткаруучу, доцент Г.Ж. Сулайманова катышуучуларды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ал уюштуруучулар Н. Караева менен Т. Ашировага, факультеттин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары Н. Усеновага жана чыгармачыл, таланттуу студенттерге ыраазычылык билдирди.
Иш-чарага жигердүү катышып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон катышуучулар дипломдор менен сыйланышты.