ОшМУнун волейболчулары XXV Эл аралык Ысык-Көл оюндарында I орунду ээледи
09:10
30-09-2026
28
2026-жылдын 7-8-9-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин XXV Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын алкагында волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Аталган мелдеште Ош мамлекеттик университетинин волейбол боюнча командасы чебер оюн көрсөтүп, 1-орунду камсыз кылды.
Команда курамында БББТАТМ кафедрасынын окутуучусу Мамазияева Жаңыл Абдикирамовна катышып, мыкты оюн көрсөттү жана команданын жеңишке жетишине чоң салым кошту.
Эл аралык мелдештеги бул ийгилик ОшМУнун спорттогу жетишкендиктеринин дагы бир далили болду.