Новости

ОшМУда «Коопсуз чөйрө жана жаркын келечек» аттуу профилактикалык жолугушуу өттү.

2026-жылдын 28-сентябрында ОшМУнун педагогика жана искусство институтунун студенттери жана тайпалардын академиялык кураторлору үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери менен биргеликте «Коопсуз чөйрө жана жаркын келечек» аттуу маанилүү жолугушуу уюштурулду. Иш-чарага Ош шаардык ИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Аликулов Азамат, подполковник Насиров Зафар Анваржанович, ага лейтенант Эргашев Назарбек Жанышбекович жана Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын капитаны Курбанов Мухаммадали Аскаралиевич катышты. Жолугушуунун алкагында студенттерге коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери, өлкө мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Ошондой эле коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында коррупцияга каршы күрөшүү, экстремизмдин жана терроризмдин коркунучтары тууралуу кеңири маалыматтар берилип, ачык талкуу жүрдү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна тартип сакчыларынан так жоопторду ала алышты.
27 09:18 30-09-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|