Жанылыктар

Эл аралык семинар-тренинг: Z жана Альфа муундары менен билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмалары

2026-жылдын 20–27-август күндөрү «Z жана Альфа муундарынын психологиясы: билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу эл аралык семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө жаңы муундун өкүлдөрүнүн психологиялык жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү, заманбап коммуникация ыкмалары, билим берүү процессин уюштуруунун жаңы жолдору, ошондой эле санариптик билим берүү шартында окутуучу менен студенттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү каралды. Окутуунун жыйынтыгында Бекназаров Сабыр Мамасалиевич жалпы көлөмү 72 саатты түзгөн эл аралык семинар-тренингге катышып, тиешелүү сертификатка ээ болду. Иш-чара «Заманбап билим берүү жана маалыматтык технологиялар институту» ЖАК эмес, АНО ВО «Институт современного образования и информационных технологий» жана «Мыкты билим» билим берүү борбору тарабынан уюштурулган. Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессине заманбап ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
63 05:23 01-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|