ОшМУнун ЭББП колледжинде англис тили боюнча диагностикалык тестирлөө
05:36
01-10-2026
64
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Котормо иши» бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери үчүн англис тили боюнча кириш диагностикалык тестирлөө өткөрүлдү.
Тестирлөө офлайн форматта өттү. Студенттерге англис тилинин лексикасын жана грамматикасын билүү деңгээлин текшерүүгө багытталган 4 варианттуу 20 тест тапшырмасы сунушталды.
Иш-чаранын максаты — биринчи курстун студенттеринин баштапкы билим деңгээлин аныктоо жана келечектеги котормочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кафедранын окутуучулары тарабынан анализ жүргүзүлдү.
ОшМУнун ЭББП колледжинин администрациясы «Котормо иши» бөлүмүнүн биринчи курсунун студенттерине окууларында ийгилик жана кесиптик өсүш каалайт!