2026-жылдын 27-сентябрында Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону болуп өттү. Спорттук иш-чарага Өзбекстан, Беларусь Республикаларынан, Непал, Индия мамлекеттеринен жана Кыргызстандын жети облусунан келген жалпы 400гө жакын спорт сүйүүчүлөрү катышты.
Марафондун негизги максаты — калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спорт менен машыгууга кызыгууну арттыруу, ошондой эле достук жана ынтымакты бекемдөө.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин окутуучусу Н.Э. Султанов да катышып, марафондун алдыңкы тобунда ийгиликтүү жетишип келди.